Финпол Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө элек. Мурдараак ведомствонун башчысы текшерүүнүн аякташы тууралуу билдирген

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (финпол) 8-июлда «Азаттыкка» кабарлаган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнүн созулуп кетиши «документтердин көптүгүнө» байланыштуу.

Бирок аталган маалымат ведомствонун башчысы Бакыт Таировдун билдирүүсүнө каршы келет. Ал 22-июнда Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери аяктап калганын айткан. Ошол учурда аткаминер «ушул жумада жыйынтыгын чыгарабыз» деп убадалаган, анткени менен мекеме тергөө корутундусун жарыялай элек.

Райымбек Матаримовдун мүлкүн текшерүү иши 2019-жылдын январь айынын аягында, президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча башталган.

Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылышы жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн делген «Азаттыктын» иликтөөсү чыккандан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финполдон текшерүүнүн жүрүшүн тездетүүнү бир нече жолу талап кылган.

Кийинчерээк Бакыт Таиров тергөөчүлөр чет өлкөдөн Матраимовдордун мүлктөрүн табышпаганын билдирген.

Депутат Искендер Матраимов журналисттерге түшүндүрүп бергендей, тергөөчүлөр анын иниси Райымбектин мүлкүн гана эмес, Матраимовдун үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн мүлктөрүн да текшерип жаткандыктан текшерүү иши созулуп жатат .