Кыргызстан кошумча 500 миң чет мамлекеттик паспорттун бланкын сатып алат

Жаңылыктын редактору Анна Капушенко чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу иши боюнча күбө жана сотто жоопкер катары өтүүдө. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул макаланын мазмунуна таасир эткен жок.

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) De la Rue компаниясы менен 500 миң чет мамлекеттик паспортту басып чыгаруу боюнча кезектеги макулдашууга кол койду.

Ведомство Garsu Pasaulis компаниясы менен териштирүү иштери созулуп жатканына карабастан келишим түздү. Garsu Pasaulis чет мамлекеттик паспортторду басып чыгаруу боюнча тендерди жеңген. Бирок УКМК кылмыш ишин козгоп, конкурс эреже бузуулар менен өткөнүн айткан.

МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов 11-июлдагы басма сөз жыйында билдиргендей, азыр чет мамлекеттик паспорттордун 226 миң бланкы гана калган жана алар 2019-жылдын аягына чейин гана жетет.

«Мен компания менен паспортторду басып чыгарууга кошумча макулдашууга кол койдум. Бул ушундай макулдашуунун акыркысы болот деп үмүттөнөм. Garsu Pasaulis фирмасы биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктары боюнча тендердин айынан бизди сотко бергенине карабастан, биз бул багыт боюнча жумушубузду улантуудабыз», — деди Мамбетов.

Кыргызстандыктарга берилип жаткан чет мамлекеттик паспортторду 2006-жылдан бери De la Rue компаниясы бастырып келүүдө.

Ушул убакыт бою алардын дизайны менен коргоосу жаңырган эмес, натыйжада бул көп сандагы жасалма кыргыз паспортторунун пайда болушуна алып келген. Мындан тышкары, Кыргызстан аймактагы электрондук чет мамлекеттик паспортторго өтө элек болгон жалгыз өлкө.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы күзүндө жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

Анда УКМКнын кызматкерлери өз иликтөөсүн башташып, апрель айынын башында атайын кызмат электрондук паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган. МККнын аткаминерлери 16-апрелде Garsu Pasaulis менен «афиллирленишкен» деген айыптар боюнча кармалышкан.

Ошондой эле МККнын башчылык кызматынан Алина Шаикова кеткен. МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан жана мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес, анткени Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлгөн эмес деп эсептейт.

Бирок Garsu Pasaulisтин өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.