ИИМдин башчысынын орун басары Атамбаевдин үйүнө келди — мурдагы президент суракка үч жолу келген эмес

Кундуз Жолдубаева жана Мирлан Каниметов. Сүрөт: «АКИпресс»

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 22-июлда Алмазбек Атамбаевдин үйүнө келди. Ал Атамбаев эмне үчүн сурактарга келбегенин билейин деген жана ошондой эле мурдагы президентти Тергөө тобуна эмне үчүн чакырып жатышкандыгын түшүндүрүп берген. Kaktus Mediaнын маалыматы боюнча, Каниметов Атамбаевдин тарапташтары менен 10 мүнөттөй сүйлөшүп кайра кеткен.

Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Каниметов «Элдик штабдын» өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө келгенин «Клоопко» билдирди.

«[Министрдин орун басары] экс-президент менен жеке жолугушууну талап кылган эмес. Ал Атамбаевдин өкүлдөрү менен гана жолугууну каалаган. Биз аны менен кармоо [мүмкүндүгү] тууралуу сүйлөшкөн жокпуз», — деди Жолдубаева.

Мурдараак, мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарёв Атамбаевди ИИМге суракка чакыруу — мыйзамсыз деп билдирген.

19-июлда Атамбаев ИИМге суракка баруудан үчүнчү жолу баш тарткандан кийин анын тарапташтары күч менен кармоо болушу мүмкүн деп билдиришкен.

Кармоо болбогону менен Атамбаевдин резиденциясынын жанында дайыма «Элдик штабдын» өкүлдөрү кезметте турушат.

Мындай кийин Атамбаев «бир нече күнгө» Орусияга барышым мүмкүн деп айткан. Атамбаев билдиргендей, ал Кыргызстандан учуп кеткичекти күч колдонуу менен кармалып калышын эсептен чыгарбайт.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.