Кантта 12 жаштагы баланы уурдагандар 7,5 жылга кесилишти

Ысык-Ата райондук соту өкүмдү 23-июлда чыгарды.

«Айыпталуучуларга жазанын максималдуу мөөнөтү берилди — жети жарым жыл. Өкүмдүн калган деталдары азырынча белгисиз», — деп билдирди Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазы.

12 жаштагы Данил Браилкинди ушул жылдын апрель айында Кант шаарынан уурдап кетишкен. Ал мектепке баратканда артынан машина түшүп, аны күч менен унаага салышкан.

12 жашар Данил Браилкинди дени сак бойдон тапты

Чүй облусунун милициясы 12 жашар Данил Браилкинди 11-апрель күнү кечинде тирүү жана дени сак бойдон тапты. Уурдалган бала Бишкекке жакын Панорама районундагы жабык гараждын жер төлөөсүндө болгон. Милиционерлер эки шектүүнү кармашты.http://bit.ly/2KtFXuh

Posted by Kloop кыргызча on Friday, April 12, 2019

Уурдаган адамдар баланы бир нече саат кармашкан — милиция аны окуя болгон күнү кечке маал тапкан. Данилди Бишкектин чет жакасындагы гараждын жертөлөсүндө кармашкан. Сурак учурунда уурдаган адамдар баланы соодалашып, «аласасын өндүрүп» алуу үчүн уурдап кетишкенин айтышкан.