Нарын: Алтын өндүрүүчү компания Солтон-Сарыда мал кырылып жатканы үчүн компенсация төлөйт

Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинде алтын казып жаткан Zhong Ji Mining компаниясы мал кырылып жаткандыгы үчүн жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берет. Мурдараак жергиликтүүлөрдүн 20 ашуун мал-жандыгы кырылып калганы кабарланган.

Компаниянын өкүлдөрү «ишкананын позитивдүү имиджин түзүү максатында» мындай кадамга барышкан, бирок төлөмдүн өлчөмүн ачыкташкан жок.

Өнөр жай мамкомитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствонун жетекчилиги 25-июлда компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп келген. Ал жерден компания жардыруу иштерин аптасына 2-3 жолудан ашуун жүргүзбөөгө макул болгон. Ошондой эле компания жардыруу иштери боло тургандыгы жөнүндө тургундарды алдын ала кабардар кылып турушу керек.

Мамлекеттик ветеринардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калыс Жумаканов 26-июлда билдиргендей, Солтон-Сары өрөөнүндө жердин үстүнкү катмарынан жана суудан алынган сынамдан мышьяк менен нитрат табылган эмес.

«Өлгөн малдардын 66 пайызынан ичеги-карын, өпкө, боор оорулары чыкты. Мониезиоз менен ооруган мал басып бара жатканда эле өлүп калышы мүмкүн. Эки козудан пастереллез деген оорунун антителасы табылды», — деп айткан Жумаканов.

Мурадаарак Маминспекциядан өлгөн жандыктардын эттерин текшерүүнүн жыйынтыктары аларда мышьяк менен нитраттын издери бар экенин аныктаганын кабарлашкан.

Малдын кырылышынын айынан Нарын облусунун бир нече айылдарынын 70тей тургуну облустук администрациянын алдына митингге чыгып, бийликтен Солтон-Сары алтын кенин жабууну талап кылышкан.

Тургундардын айтымында, алтын өндүрүүнүн айынан алардын үй жаныбарлары массалык түрдө кырылууда. Мамлекеттик инспекция өлгөн майда малдан мышьяк менен нитрат табылганын «Клоопко» тастыктаган.

Бул жергиликтүүлөрдүн Солтон-Сарыдагы ишкананы жабуу туурасындагы биринчи эле жолу койгон талабы эмес. 2018-жылы майда Эмгекчил айылынын 100гө жакын тургуну алтын өндүрүүчү ишканага каршы чыккан. Алар да айрым чыгындылар дарыяга төгүлүп, эл жана мал ичкен сууну булгап жатканын айтышкан.

Zhong Ji Mining кытайлык компаниясы Солтон-Сарыда чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана алтын өндүрүүгө лицензияны 2012-жылы алган. Болжол менен андагы баалуу металлдын кору 20 тоннаны түзөт. Компания 160 жергиликтүүнү иш менен камсыз кылган.