Милиция Азиз Батукаевдин адвокатын кармады

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымовду кармады. Бул тууралуу «Клоопко» ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле маалда ведомстводон Касымов качан жана кайсыл иш боюнча кармалганына комментарий беришкен жок.

«Тактоо керектелген маалыматка ылайык, адвокат кримтөбөлдүн бошотулушу үчүн акча өткөрүп берген», — деп жазган «Кактус.Медиа» басылмасы.

Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча мурдагы жана азыркы аткаминерлердин бир катары кармалган. Ошондой эле күч органдары 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармаган. Ал бул иш боюнча коррупцияга айыпталууда.

Атамбаевге каршы көрсөтмөнү бул иштин фигуранты берген — мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Бул көрсөтмөлөрдөн кийин ал үй камагына коё берилген.

Батукаевди бошотуу

Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «кандын курч лейкозу» диагнозунун айынан 2013-жылы абактан бошоткон. Кийинчерээк медкорутунду жасалма болуп чыккан. Бирок ал учурда Ьаукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Батукаев Кыргызстанда бир катар беренелер, анын ичинде «массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо» боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иликтөөнү 2019-жылдын жазында кайра жандандырган.