Абылгазиев лицензияны мыйзамсыз узартууга айыпталган «Кичи-Чаарат» алтын өндүрүүчү фабриканын ачылышына катышты

"Кичи-Чаарат" алтын өндүрүүчү фабрикасы. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-августта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты.

«Аймактарда ири өндүрүштүк объекттердин ачылышы алыскы райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө чоң күч берет. Улуттук экономиканы бекемдөөгө шарт түзөт», — деп билдирди өкмөт башчы куттуктоо сөзүндө.

Абылгазиевдин айтымында, инвестор алтын ишканасын куруу үчүн 220 млн доллар сарптаган.

2018-жылдын мартында Башкы прокуратура «Кичи-Чаарат» компаниясынын лицензиясы 13 жылдан бери мыйзамсыз узартылып жүргөнүн билдирип кылмыш ишин козгогон.

Мындан улам Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен кытайлык компаниясынын жетекчилигине «Кызмат абалынан аша чабуу» беренеси боюнча айып тагылган.

Мындан тышкары, «Кичи-Чаарат» Чакмак-Су дарыясынан өзүмбилемдик менен кум-шагыл жана чопо-кум казганы аныкталып, мамлекетке 170 млн сомго жакын зыян келтирилген.

2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы кытайлык ишкана «өтө чоң көлөмдөгү салыкты жашырган» деп кылмыш ишин козгогон. Мамлекет «135 миллион сомго жакын зыян тартты» деп эсептелип, компания акчаны төлөп бергени кабарланган.

Алтындын запасы боюнча Чаткал району алдынкы орундарда тураары айтылып келет. Аймакта алтын өндүрүү боюнча лицензияларга ондогон компаниялар ээлик кылат. Булардын катарына кирген кытайлык «Кичи-Чаарат» компаниясы Куру-Тегерек кенин иштетүүгө лицензиясы 2003-жылы алган. Анда 98 тонна алтын кору бар деп эсептелинет.