«Апрелдин» мүлкүн камакка алуу Кыргызстанда сөз эркиндигин чектебейт — ТИМ

Сүрөт: «Апрель»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Апрель» телеканалынын өчүрүлүшүнө комментарий берүү менен өлкөдө «сөз эркиндигине чектөө» жок экенин билдирди. Ведомство Кыргызстандын бийлигин «Апрель» телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга үндөгөн ЖМК эркиндиги маселеси боюнча ЕККУнун төрагасы Арлен Дезирдин тынчыздануусуна ушинтип реакция кылды.

«Эркиндик жана ЖМКдагы ар түрдүүлүк оор кырдаалдарда да сакталышы керек», — деп келтирилет төраганын айткандары ЕККУнун расмий сайтында.

ТИМдин маалыматына ылайык, сот органдары телеканалдын «оор кылмыштарга» шектелип жаткан ээси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн камакка алышкан.

Ведомстводон камакка алуу редакциялык саясатка, телеканалдын контентине же анын бийликке карата позициясына байланыштуу эмес экенин билдиришти.

«“Апрель” телеканалы ишке киргенден бери, оппозициялык багытына карабастан кандайдыр бир кысымга же чектөөлөргө кабылган эмес. Сөз эркиндиги менен обого чыгуу эркиндигине экч кандай чектөө жок», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ведомстводон Кыргызстан «демократиянын принциптерин бек карманаарын» көрсөтүп жатканын кошумчалашты.

Бул боюнча кошмча: Бийлик эмне үчүн «Апрель» телеканалын басмырлаганды токтотушу керек? «Клооптун» редакциясынын колонкасы