Бийлик жол кыймыл эрежесин бузуу үчүн айыптын өлчөмүн азайткысы келет

Өкмөттүк комиссия жол кыймыл эреже бузууларынын сегиз түрү боюнча айыптын өлчөмдөрүн үч миңден бир миң сомго чейин азайтууну сунуштады.

Комиссия айып пул өлчөмдөрүн төмөнкү эреже бузуулар боюнча азайтууну сунуштады:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • жолдун жүрүүгө уруксат берилген тилкесиндеги белгилердин талаптарын аткарбоо;
  • унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
  • коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабоо;
  • автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
  • жол чырактан уруксат берилбеген учурда стоп-сызыктын алдына токтоо,
  • ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
  • сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы февралда жаңы кодекстердеги кемчиликтерди табуу үчүн комиссия түзгөн.

Ошондой эле комиссия жол кыймыл эрежесин бузуу үчүн айыптын өлчөмүн азайтуу маселесин да карап жатат. «Коопсуз шаар» ишке киргенден кийин айрым айдоочулар менен парламенттин депутаттары айып пулдардын өлчөмдөрү «жогору» экенин айтып, нааразы болушкан.

Айып пулду азайтууу боюнча сунуш иштеп башташы үчүн бийлик кодекстерге түзөтүүлөрдү киргизиши керек. Бул үчүн мыйзам долбоору түзүлүп чыгышы керек. Ал эми мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн парламенттин жактыруусунан өтүшү зарыл.

Бул тема боюнча кошумча: 

Айдоочулар эң көп бузган жол кыймыл эрежелерине каралган штрафтардын өлчөмү үч эсеге азайышы мүмкүн

«Кээ бир жерден жол эрежесин бузууга туура келет». МККнын башчысы штрафтардын суммасын азайтууну колдоп чыкты