«Апрель» телеканалынын башчысы суракка чакырылды

Дмитрий Ложников

«Апрель» телеканалынын директору жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дмитрий Ложников 23-августта Аскер прокуратурасына суракка чакырылды.

Ложников «Клоопко» күбө катары чакырылганын айтты, бирок кайсы иш боюнча ага белгисиз. Сурак саат 18:00 башталышы керек.

Ложников суракка биринчи жолу чакырылып жаткан жок. 13-августта аны УКМК менен ИИМдин тергөөчүлөрү суракка алышкан. Ал суракта жалпысынан беш сааттан ашык убакыт өткөргөн.

«Апрель» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык телеканал. Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө орун алган эки күндүк тирешүүдөн кийин бийликтин колуна түшүп берген. Ал 26-октябрга чейин ТИЗОго киргизилген.

Андан кийин Атамбаевдин мүлктөрү камакка коюлган. Анын ичинде «Апрель» телеканалы жана 100дөн ашык объекттин тизмеси бар. Маданият министрлигинен телеканалдын обого чыкпай калышы анын контенти же учурдагы бийликке таккан сынына байланыштуу эмес.

Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары бир нече кылмыш иштери боюнча суракка алынууда. Ал иштер мурдагы президенттин резиденциясындагы окуялардан кийин козголгон. Депутат жана Атамбаевдин жакын тарапташы Ирина Карамушкина адамдарды барымтага алуу тууралуу иш боюнча үй камагына алынган.