Атамбаевдин иши: Башкы прокуратура 20 мүлктү камактан чыгарды

Сүрөт: Марат Уралиев, Kaktus Media. Джал-23 кичирайонундагы үй

Башкы прокуратура 23-августта маалымдагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча тизмеде көрсөтүлгөн мүлктөрдүн 20 бирдиги камактан чыгарылды.

Жал-23 кичирайонундагы көп батирлүү турак үй, ушул эле үйдүн 18 батири жана «Телерадио уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси камактан чыгарылган.

Жалпысынан Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз 135 мүлкү камакка алынган эле. Ошондо Башкы прокуратура бул объекттердин баары Атамбаевге жана анын жакын туугандарына таандык деп билдирген.

Камакка алынган мүлктөрдүн тизмеси жарыялангандан кийин Жалдагы көп батирлүү үйдүн тургундары батирлерин 1996-жылы сатып алышкандарын жана камактан чыгарылышына аракет кылышаарын билдиришкен.

Ошондой эле «Телерадио уюмдар ассоциациясынын» өкүлдөрү мүлктөрү жаңылыштык менен камакка алынганын айтып чыгышкан. Бирикменин өкүлдөрүнүн бири билдиргендей, бул «Апрель» телеканалы ассоциациянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары эсептелгени үчүн мындай болушу мүмкүн.

Азыр Башкы прокуратура УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө мурдагы президенттин жана анын жакын туугандарынын башка кыймылсыз мүлктөрүн жана «мыйзамсыз иштеп табылган материалдык байлыктарын» таап, аныктоону тапшырды.

Алмазбек Атамбаев 7-8-августта резиденциясын штурмга алуу учурунда кармалган. Жыйынтыгында бир спецназчы каза таап, 170 адам жабыркаган.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча милициянын сурагына үчүнчү жолу келбегенден кийин күч колдонуу менен кармалган.

Мурдагы президентке кармалгандан кийин коррупция тууралуу алты иш боюнча айып тагылган. Бул иштерди парламентарийлер Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыратуу үчүн карашкан. Мындан тышкары, мурдагы президент «Адам өлтүрүүнү уюштуруу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алууну уюштурууга» жана башка «оор кылмыштар» боюнча шектелүүдө.

Мунун баары Атамбаев менен анын мурдагы мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы көпкө созулган араздашуунун шартында орун алды.

ТЕМА БОЮНЧА: 22 батир жана темир жол. Башкы прокуратура Атамбаевдин мүлктөрүн жана банктагы эсептерин камакка алды