Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынды деп тараткан маалыматын төгүндөдү

«7-апрель шейиттери» мечити. Сүрөт: «Апрель» телеканалы

Башкы прокуратура 2-сентябрда 2010-жылы апрель революциясында курман болгондордун урматына салынган «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынганын билдирген. Эртеси күнү ведомство мурдараак тараткан маалыматын жокко чыгарды.

«Тергөө мечит кайсы акчаларга курулгандыгын тактап жатат [...] Ошону менен бирге мечит камакка коюлган эмес», — деп айтылат көзөмөл органдын жаңыртылган пресс-релизинде.

Мечиттин камакка алынганын «Клоопко» Биринчи май райсотунан да жокко чыгарышкан. «Биздин өндүрүштө мындай арыз жок. Биринчи май райондук соту бул маселени караган эмес».

Мечит курулган жер тилкеси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Форум» фирмасына катталган. Атамбаев өзү «мечитти курууга достору жардам беришкенин» айткан.

Мындан бир нече апта мурда Башкы прокуратура мурдагы президент жана анын айланасындагыларга байланыштуу камакка коюлган мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган. Жалпысынан тергөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн 135 бирдигин тизмектеген. Кийинчерээк, Башкы прокуратура мурдагы президентке байланышы жок болуп чыккан 20 объектти камактан чыгарган.

Мурдагы президент эки күнгө созулган штурмдан кийин 8-августта Кой-Таштагы үйүндө кармалган. Ага каршы дароо бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде коррупция беренеси да бар. Атамбаевди кармоо операциясы учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Соттун чечими менен Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтырылган.

Соавтор: Элвира Султанмурат кызы