Башкы прокуратура Атамбаевдин тушунда курулган мечитти сот камакка алганын билдирди

«7-апрель шейиттери» мечити. Сүрөт: «Апрель» телеканалы

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Клоопко» маалымдагандай, Биринчи май райсоту 2019-жылы апрель айында Бишкектин 7-кичи районунда ачылган «7-апрель шейиттери» мечитинин имаратын камакка алды. Анын курулушу Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда башталган.

«Мечитке келгендер келе беришет. Камак мүлк менен кандайдыр бир операцияларды же бүтүмдөрдү жасоого болбойт дегенди билдирет [...] Мечитке мөөр басылган жок», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Бирок Биринчи май райсотунан «Клоопко» Башкы прокуратуранын мечит камакка коюлгандыгы тууралуу билдирүүсүн төгүндөштү.

«Биздин өндүрүштө мындай арыз жок. Биринчи май райондук соту бул маселени караган эмес», — деп билдиришти соттун басма сөз кызматынан.

Мечит курулган жер тилкеси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Форум» фирмасына катталган.

Тергөөчүлөр мечиттин курулушу кайсыл акчага жана кимдин жардамы менен жүргүзүлгөнүн аныктап жатышат. Атамбаев өзү «мечитти курууга достору жардам беришкенин» айткан болчу.

Мындан бир нече апта мурда Башкы прокуратура мурдагы президент жана анын айланасындагыларга байланыштуу камакка коюлган мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган. Жалпысынан тергөөнүн тизмесинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн 135 бирдиги болгон. Кийинчерээк, Башкы прокуратура мурдагы президентке байланышы жок болуп чыккан 20 объектти камактан алган.

Атамбаев өзү 26-октябрга чейин камакта калтырылган. Мурдагы президентке кармалгандан кийин дароо бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде коррупция беренеси да бар. Алмазбек Атамбаев эки күнгө созулган штурмдан кийин 8-августта Кой-Таштагы үйүндө кармалган. Атамбаевди кармоо операция учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы