ЖЭБдин турбинасындагы авариядан эки киши жаракат алды

«Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматы турбиналарындын бириндеги авария 6-сентябрда күндүн биринчи жарымында болгонун кабарлады. Кырсыктын натыйжасында ЖЭБдин эки электр устасы жеңил күйүк алышкан. Аларга меджардам көрсөтүлүп, врачтар жабыркагандардын абалын «канааттандыраарлык» деп баалашкан.

«Турбина ишке киргизилди, эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес жана киргизилбейт [...] Жабырлануучулар [дарыгерлердин] өзгөчө байкоодо жатышат. Авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө болгон эмес», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Kaktus Mediaнын маалыматына ылайык, авариянын себептерин атайын комиссия териштирет.

2018-жылы январда да Бишкек ЖЭБинде ири вария болуп, натыйжада бишкектиктердин батирлеринде температура кескин төмөндөп кеткен.

Өкмөттүк комиссия авариянын себептерин атаган: «жабдуулардын суукка даяр эместиги», «буу казандар үчүн химиялык тузсуздандырылган суунун жетишсиздиги» жана «ыкчам персоналдын макулдашылбаган аракеттери».

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги авария көптөгөн себептерден улам болгон деп эсептеген. Мисалы, «энергетика тармагынын саясатташканы», «кадрларды тууганчылык байланыштар аркылуу кызматтарга дайындоо» жана «эски жабдуулар».

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аткаминерлерге карата кылмыш иштери козголгон. Алар: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, энергетиканын мурдагы министри Осмонбек Артыкбаев жана башкалар.