Жалал-Абад: Милиция 18 жаштагы бала тарабынан «сабалган» пенсионердин окуясын териштирет

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» маалымдагандай, Сузакта кошуна бала тарабынан ур-токмокко алынды делген пенсионер Юрий Губайдулиндин окуясы «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«2001-жылы туулган тургун суугатка кезектин айынан пенсионерди кетмен менен чаап жиберген. Ал да мени урду деп каршы арыз жазып ооруканага жатып алган. Тараптарга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, иш тергелүүдө», — деди Жээнтаев.

Губайдулин учурда облустук клиникалык ооруканада. Оорукананын бет-жаак бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Исаев «Азаттык» үналгысына пенсионердин жаагына 2-сентябрда операция жасалганын, анын абалы канааттандыраарлык болгонун маалымдаган.

Пенсионер «Кылым шамы» укук коргоо уюмуна жана президентке кайрылып, тергөө иштерин көзөмөлгө алууну суранды.

Жаңжал 25-августта суугат суунун айынан чыккан. Пенсионер менен 18-жаштагы кошуна бала сууну талашып кайым айтыша кетишет. Чырга баланын агасы келип аралашат. Губайдулиндин айтымында, ал кетмендин соккусунан эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген.