Кримтөбөл Камчы Көлбаев күбө катары сурак берип чыкты

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 11-сентябрда Жайыл РИИБине суракка чакырылган. Ал алдамчылык иши боюнча күбө катары өтүп жатат. Сурактан кийин Көлбаевди кайра коё беришкен.

Чүй ОИИББнен кримтөбөл суракка алынганын тастыкташты. Бирок ведомствонун басма сөз кызматы кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири айтып берүүдөн баш тартты.

Камчы Көлбаев ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоого алынган. Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн жылы ага 424 адам кирген.

Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң эле таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал 2012-жылы кылмыштуу топту уюштуруу, баңгизат сактоо, өкмөттүн өкүлүнө карата зомбулук кылуу жана адам уурдоо айыптары боюнча кармалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди үч жылга соттоп, ал жазасын №47 абакта өтөп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. Кримтөбөл абактан бошоп чыккандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тарабынан уюштурулган «каржы механизмдеринин бузулушуна алып келе турган» маалыматтар үчүн сыйлык катары миллион долларга чейинки каражат убадалаган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсуңдө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.