Аскер прокуратурасы сот чечими боюнча КСДПнын документтерин алып койду — Кодуранова

КСДПнын төрайымы жана парламенттин депутаты Асел Кодуранова 13-сентябрь күнү аскер прокурору Нуркамал Набиев менен жолугушту. Буга чейин бир күн мурда Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү КСДПнын кеңселеринен документ жана компьютерлерди алып, УКМКга өткөрүп беришкен.

Кодуранованын айтымында, партиянын менчигин алып коюуну Аскер прокуратурасынан соттун чечими менен түшүндүрүшкөн.

«Эмне үчүн КСДПнын мүчөлөрүнүн бирин да [алуу тууралуу] кабардар кылган жоксуңар сеп сураганыбызда “Форумдун” бухгалтеринин көзүнчө болгон жана бардыгы мыйзам чегинде өткөн деп жооп беришти», — деди ал.

Мурдарак Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү менен КСДПнын мүчөлөрү партиянын кеңсесине кире албай жатабыз деп Аскер прокуратурасына арызданышкан. Мурдагы президент кармалып, бир нече айыптар боюнча ТИЗОго киргизилгенден кийин ага байланыштуу «Форумдун» имараты жана уюмдардын кеңселери камакка коюлган.