Бишкек мэриясы жолду реконструкциялоо үчүн 300дөн ашуун бакты кыюуну пландоодо

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагынов билдиргендей, бийлик 7-октябрда Жунусалиев көчөсүндөгү (Орджоникидзе) 312 бакты кыюуну пландап жатат. Анын айтымында, бак-дарактар кытайлык грант боюнча көчөлөрдү реконструкциялоо долбоорунун алкагында кыйылат.

Жунусалиев көчөсүнүн реконструкциясы Ахунбаев көчөсүнөн тарта Гагарин көчөсүнө чейин жүргүзүлүшү пландалууда. Бийлик жолду эки тилкенин ордуна үч тилке кылып кеңейтмекчи.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «бул бактардын кыйылышына жол берилбеши үчүн» долбоорду Бишкек мэриясы менен биргеликте ишке ашырган комиссия түзүлгөн.

«Долбоор боюнча алар үч тилкелүү жолду пландап жатышат, бирок комиссия жеринен карап чыгып, ал жерде үч тилкелүү жол милдеттүү эмес жана ал жакта транспорт өтө көп өтпөйт экен деген тыянакка келишкен. Ошондуктан ушул жашыл коридорду мүмкүн болушунча сактап калыш керек», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, кыйыла турчу бактардын санын кыскартыш үчүн жумушчу комиссия корутунду жазат. Корутунду Бишкек шаардык кеңештин сессиясында каралат.

2017-жылы бийлик шаардын көчөлөрүн кытайлык грант боюнча реконструкциялоо үчүн массалык түрдө бак-дарактарды кыйып, жолдорду кеңейтип баштаган.

Ал учурда бийлик Токтоналиев көчөсүн (мурдагы Дүйшөмбү) кенейтүү үчүн 140 бакты кыйган. Кыюу учурунда активисттер бактарды кучактап алып каршылык көрсөтүшүп, андан соң алар кармалып, эскертүү алышкан.

Жолдорду эки тилкеден төрт тилкеге кеңейтүү жол кыймылынын жүгүн азайткан жок, анткени айдоочулар автоунааларын жолдун эки четине тең токтотуп башташкан.

Бийлик 2019-жылы Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бакчадагы 300дөн ашуун бак-даракты кыюуну пландап жаткан. Бирок, Бишкектин тургундарынын нааразычылыктарынан кийин мэрия бак кыюудан баш тартып, жолду кеңейтпөөнү чечкен.

Мунун баары борбор калаадагы абанын сапатынын начарлашынын шартында болуп жатат — кышында шаардын үстүн калың кара түтүн каптап калат. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын августунда жаңы парктын ачылышында шаар «таза абаны жоготуп алуу коркунучуна туш болду» деп билдирген.