30-40 жыл иштеп сыйлык албай келген мугалимдерден кечирим сурайм — Билим берүү министри

Билим берүү министри Каныбек Исаков «Спутник» басылмасына курган маегинде сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүү керектигин билдирди.

«Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм», — деди Исаков.

Буга чейин коомчулукта 23-жаштагы географ Бактыгүл Жапар кызынын «Билим берүүнүн мыктысы» наамын алганы кызуу талкууга алынган эле. Айрымдар жаш мугалимдин сыйлык алышын колдошсо, кээ бирөөлөрү сынга алышкан.

Жапар кызы мектепте үч жылдан бери сабак берип келет. Ал 2019-жылдын майында Ош шаарында өткөн сынакта «Жылдын мугалими» аталган. Министрликтен жаш мугалимдин беделдүү наам алышына анын эмгек стажы эмес, жогорудагы сыйлык алышы негиз болгонун билдиришкен.

«Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси адатта илимий-педагогикалык эмгек тажрыйбасы 20 жылдан кем эмес мугалимдерге берилип келет. Мындан тышкары, окуу китептеринин жана автордук колдонмолордун авторлоруна, министрликтин ардак грамотасы менен үч жолудан кем эмес сыйлангандарга ыйгарылат.