Жээнбеков Ататүрк паркынан жер алганын тастыктап, бирок үй курбаганын билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) башкы редакторлору менен жолугушуу учурунда Ататүрк паркынан 2003-жылы бекер жер тилке алганы боюнча комментарий берди.

«Клооптун» башкы редактору Элдияр Арыкбаев президенттен учурунда бийликтен алган жердин суммасынын ордун толтуруп береби же жокпу деп сурады. Президенттин айтымында, ага чын эле парктан бекер участок бөлүп беришкен, бирок ал жерде эч нерсе курган эмес.

«Дарак өспөгөн, асфальт жер болчу. Үй салган эмесмин. Турак жай курууга муктаждык жок эле, ал кезде үч бөлмөлүү батирим бар эле», — деди президент. Жээнбеков 2007-жылы оппозицияга кеткенде участок «бирөөлөргө берилип кеткенин» билдирди.

Бирок, участоктун жаңы ээлери ал жерге үй курушкан, ал эми президентке компенсация төлөп беришкен.

«Ал жерде курулуш башталганда, туугандарым Ататүрк паркында үй куруп жатасыңбы же жокпу деп сурашты. Мен жок деп жооп бердим. Жерге үй салып жаткан адам менен сүйлөшүп, символикалык түрдө компенсация алгам. Бул боюнча документтердин баары юристте, толук маалымат бергенге даяр», — деп айтты Жээнбеков. «Клооп» президенттин айткандарынын чын-төгүнүн текшерип жатат.

Ошондой эле президент депутаттарга жер тилкелер саясатчы Алтай Бөрүбаевдин жардамы менен бөлүнүп берилгенин билдирди. Мурда Жээнбеков анын орун басары болгон.

Кыргызстандын Жер кодекси жарандарга мамлекеттен өмүрүндө бир жолу жер участок алууга жол берет. Бирок, ошол эле учурда, мыйзам бардык коомдук жерлерди, ошондой эле парктагы участокторду да жеке менчикке берүүгө тыюу салат.

Мурдараак, парктан участоктун берилиши боюнча башка саясатчы да комментарий берген — Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев. Мурдагы калаа башчысынын айтымында, анын атасы Чыгыш-5 кичирайонундагы алынган жердин ордуна парк аймагынан участок алган. Экс-мэр кошумчалагандай, анын атасы парктан алган участокко курулуш жүргүзбөй, аны муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэрлик кызматында иштеп турганда Ататүрк паркындагы 21 жер тилкени жеке колдорго бөлүп берген. Участоктордун бирөөсү анын атасына да тийген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дарактардын ордуна курулган хан сарайлар. Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30% көбүн кантип жок кылган? Kloop.kg менен OCCRPнин иликтөөсү