Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамкомиссиянын эки мүчөсү корутундуну колдоодон баш тартты

Кой-Таш айлындагы жаңжалды иликтөө боюнча мамкомиссия 31-октябрь күнү корутундусун чыгарды. Комиссиянын курамына 21 адам кирет, алардын ичинде коомдук ишмерлер, эксперттер, укук коргоо орган кызматкерлери жана жети депутат бар.

Учурда корутундунун тексти оңдоп-түзөө баскычында, ошондуктан ал жарык көрө элек.

Бирок комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, тагыраагы Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусуна каршы добуш берди.

Бул комиссияга кирген Жаркынбек Касымбеков да добуш берүүдөн карманып койду.

Мамкомиссиянын иши «бүдөмүк»

Сооронкулова «Клоопко» курган маегинде комиссиянын корутундусуна каршы добуш бергенин тастыктады.

Анын айтымында, комиссиянын бүтүмү «бүдөмүк», андан тышкары, күч кызматкерлеринин 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзгөн атайын операциянын үзгүлтүккө учурагыны үчүн УКМКнын жана ИИМдин башчыларынын жоопкерчиликтери так жазылган эмес.

«Мындан улам каршы добуш бердим. Корутундуга жөн гана хронология жазылды, бирок укуктуу баа берилген жок», — деп билдирген Клара Сооронкулова 24.kgге курган маегинде.

Ал эми Касымбеков Kaktus.Mediaга мамкомиссиянын иши айыпталуучуларды укпай койгону үчүн «уранды болуп калганын» кабарлаган. «Фарид Ниязовду да, Атамбаевди да угушкан жок. Мен жада калса парламенттин жыйынына да катышпайм», — деп билдирген Касымбеков.

Комиссия «укуктук баа берүүгө укуктуу эмес»

Комиссиянын курамына кирген эл өкүлү Алмазбек Баатырбеков жыйынтыктоочу корундуну колдоду. Анын айтымында, комиссиянын башка мүчөлөрүндө күмөн болгон эмес, ал эми корутундуга Сооронкулова гана каршы пикир айткан.

«Комиссиянын баа берүүгө укугу жок. Эгер иликтөө тергөө жактан жүрүп жатса, алар өз ыйгарымдарынын чегинде иштеши керек. [...] Эч кандай күмөн жаралган эмес. Акыркы жолу добуш берип жатышканда кандайдыр бир сунуштар болгон, алар киргизилет, ошондо чогулабыз да кол коюп беребиз. Бул ошол эле корутунду, бирок түзөтүү киргизүү керектелген жерлер болгон», — деп билдирди ал.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров да мамкомиссиянын курутундусу үчүн добуш берди. Анын айтымында, корутундунун толук версиясы 10-ноябрдан кийин даяр болот — азырынча анда оңдоп-түзөө киргизилчү жерлер бар.

«Мен макул деп добуш бердим, аны туура деп эсептейм. Клара Сооронкулова укуктук баа берилген жок деп негиздеп атат, бирок парламент укуктук баа бере албайт да, аны укук коргоо органдары менен сот кылышы керек. Хронология парламент жана бүткүл эл эмне канчада жана качан болгонун түшүнүшү үчүн керек», — деди ал.

Анын айтымында, комиссиянын корутундусу парламентте талкууланып, депутаттар кандай бүтүм чыгарып, маморгандарга кандай сунуштамаларды берүү керектигин чечишет.

«Жогорку Кеңеш саясий баа берет. Укуктук бааны парламент бере албайт», — деп Билдирди Шайназаров.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссия 29-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен түзүлгөн. Анын башына биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков дайындалган.

Комиссия укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосундагы кагылышты иликтеп жатат. Окуя 7-августта болгон. Атамбаевди кармоо учурунда бир спецназчы каза таап, 100го чукул адам жарадар болгон.