Чек арадагы коррупцияга даттанган офицердин айткандарына укуктук баа берилет — Чек ара кызматы

Чек арадагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан чек ара офицери Талгат Алановдун маалыматтары аскер прокуратурасына укуктук баа берүүгө жөнөтүлөт. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» маалымдады.

Басма сөз катчынын айтымында, Талгат Аланов уставдын эрежелери боюнча, коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө алгач чек ара кызматынын жетекчисине, аскер прокуратурасына же укук коргоо органдарына кабарлашы керек болчу.

«Журналисттер менен болгон жыйында айтылган көрүнүштөр чек ара кызматында болдубу-болбодубу иликтенет» — деп түшүндүрдү Бөрүбаева.

Ал эми бул маселе боюнча Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына телефондон комментарий берүүдөн баш тартып, расмий түрдө кат жөнөтүүнү суранышты.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 27-ноябрда басма сөз жыйынында өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коррупциядык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.