Күндүн урааны: Мен/биз Автандил Жоробеков

Социалдык тармактардын колдонуучулары #Я/МыАвтандилЖоробеков жана #Мен/БизАвтандилЖоробеков деген хэштегдер менен ушундай эле жазуулары бар сүрөттөрдү жарыялап жатышат. Алар мындай посттору менен «БеспределKG» паблигинин администраторун колдоп жатышат. Жакында эле ага карата кылмыш иши козголгон. Соттун токтому боюнча, ага бажыдагы коррупция жана аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты болгон бизнесмен Хабибула Абдукадыр менен президент Сооронбай Жээнбековдун байланышы тууралуу соцтармактагы посту себеп болгон.

«Мен/Биз» туюндурмасы иликтөөчү журналист кармалгандан кийин Орусияда колдонула баштаган — анда адамдар Голуновду колдоп тынчтык акцияларына чыгышкан. Кийинчерээк ушундай эле туюндурма Москвадагы жайкы нааразылык акцияларынын учурунда актер Павел Устинов кармалгандан кийин да колдонулган.

Фейсбуктагы пост үчүн кармоо

Автандил Жоробеков (иштин материалында ал Афтандил Жоробеков деп көрсөтүлгөн) 24-ноябрда «аймактар аралык кастыкты козуткан» делип кармалган. Болгондо да, УКМКнын маалыматына ылайык, посттун кастыкты козутууга тиешеси жок, социалдык тармактардын колдонуучулары жөн гана комментарийде өз ара талашып-тартышышкан.

Башында, УКМК «Клооп» көз карандысыз лингвистикалык анализ жүргүзө алышы үчүн Жоробековдун постторуна шилтемелерди берүүдөн баш тартып койгон. Кийинчерээк паблик жарыялаган Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар тууралуу посттордун скриншотторун жөнөткөн.

Бирок Биринчи май райондун сотунун токтомунда — «Клоопко» документтин аныктыгын тастыктап беришкендей — «БеспределKG» тайпасынын башка маалыматы көрсөтүлгөн. Ал «Хабибула жана Соке Райымды чыгарып кетишти!» деп аталат. Ошондой эле ал бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндө журналисттик иликтөөнүн фигуранты Хабибула Абдукадырдын сүрөттөрүнөн турат.

«Раим Матраимов — Кыргызстанда эң чоң коррупционер эмес, ал жөн гана өзүнчө алынган кичинекей өлкөнүн куратору, ал эми бүткүл улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун артында Сооронбай Жээнбековду капчыгы — Хабибула Абдукадыр турат», — деп жазылган постто.

УКМК Жоробеков «мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштын кошо катышуучусу делген көзкөрүнөө жалган жана чагымчыл маалыматтарды» тараткан деп эсептейт.

Блогер 2020-жылдын 24-январына чейин тергөө изоляторуна киргизилди. Жоробековдун тарапкерлери ага акыйкатчыны жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановду киргизбей коюшканын кабарлашты.