Экс-вице-премьер Зилалиевдин иши судья алмашкандыгына байланыштуу кайра каралат

Судья алмашкандыгына байланыштуу мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш иши кайра баштан каралат. Биринчи сот отуруму 11-декабрга дайындалган. Зилалиев өткөн жылдын декабрь айында кармалган.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, мурдараак күбөлөрдүн 70 пайызы көрсөтмөлөрүн беришкен — анткени менен, мыйзам боюнча, судья алмашкандыгына байланыштуу баары кайрадан башталат.

Зилалиев «мыйзамсыз байыган» деп шектелүүдө. Мурдагы аткаминерде батирлер, кеңсе орунжайлар, кымбат буюмдар жана декларацияланбаган 1 млн доллар табылган. Расмий маалыматтар боюнча, Зилалиев менен анын жубайынын кирешелери 2011-жылдан 2017-жылга чейин болгону 3 млн сомду гана түзгөн.

Зилалиев өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө алыш үчүн ага жана үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүп жатышат деп билдирген. Өлкөнүн мурдагы башчысына карата бир нече кылмыш иштери козголгон. Зилалиев Атамбаев менен бирге коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Латвиянын укук коргоо органдары экс-аткаминердин жубайына каршы кылмыш ишин козгошту деп буга чейин билдирген. Маалыматка ылайык, ал жергиликтүү банктан эсеп ачкан, андан кийин ал эсепке бир нече «ири өлчөмдөгү» акчалар которулган. Зилалиевдин жубайы акчанын изин жашырууга шектелүүдө.

Зилалиевдин карьерасы жана «бомба»

Зилалиев премьер-министр Сапар Исаковдун командасынын курамында өкмөттөгү жумушка келип, 2017-жылдын августунда вице-премьер-министр болгон. Ал өкмөткө келгенге чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген — ал Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын жана бир нече чакан станциялардын курулуш тендерине жооп берген. Зилалиев 17-ноябрда вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган.

Кызматынан алынганга чейин ал резонанстуу чечимдери менен эсте калган. Ал Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу үчүн Чехиянын Liglass Trading компаниясы менен келишим түзүүгө үлгүргөн. Келишим «чехиялык тарап милдеттенмелерин аткарбагандыгы» үчүн Кыргызстан тарабынан бир жактуу токтотулган. Мындан тышкары, ал «Кумтөр» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзгөн Суу кодексине түзөтүүлөрдүн кабыл алынышын колдогон. Бул экологдор менен жарандык активисттердин нааразычылыктарын жараткан.

Ошондой эле, ал шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго «жеке жогору баалоосун билдиргени үчүн» шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилик кызматынан алынган.

Вице-премьерликтен кеткенден кийин ал Маммүлк фондун жетектей баштаган, бирок ал кылмыш ишине байланыштуу отставкага кетүүгө аргасыз болгон — бомба тууралуу жалган маалымат брген деп айыпталып, 2018-жылы октябрда үч жылга шарттуу мөөнөткө кесилген. Ал эми декабрда кайрадан кармалып, «мыйзамсыз байыган» делип айыпталган.

Тексттин үстүндө иштегендер: Жамиля Асанова, Бутма Шукурбекова