Токтогулда жасалма акча менен соода кылган үч тургун кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» билдиришкендей, 30-ноябрда Токтогул районунун үч тургуну кармалган. Алардын үстүнөн милицияга арыз менен бир нече тургун кайрылып 2 миң сомдук жасалма купюралар менен соода кылып жүрүшкөнүнө даттанышкан.

«Алар сооданы бат-баттан кылып дүкөндөрдөн чыгып кете беришкен. Соодагерлер акчанын жасалма экенин кийин байкашкан. Себеби кагаздын сапаты айырмаланып турган», — деди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Жээнтаев ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында райондун 20-25 жаштагы үч жашоочусу кармалганын айтты. Кармоо учурунда далил катары алардан жасалма 2 миң сомдук купюралар алынган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине «Акчаны жасалма жасоо» беренеси менен катталган. Райондук соттун чечими менен алардын бирөө камакка алынып калган экөө үй камагына чыгарылды.

Ошол эле маалда соцтармактарга «Жалал-Абад электро» ачык акционердик коомунун башкы директорунун кызматкерлерине даярдаган каты тарап кеткен. Анда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарына жасалма эки миң сомдук купюралар колдонулуп жаткандыгы жазылган. Мындан улам жетекчилик аталган купюраны кабыл алууда кылдаттык менен текшерип алууну суранган.

Ишкананын басма сөз кызматынан жасалма акча тууралуу билдирүүнү юридикалык бөлүм даярдап бергенин билдиришти. Бирок юристтер маалыматты кайдан алышканы боюнча суроого жооп бере алышкан жок.