Билим берүү министрлиги Венгриядагы акысыз окууга тандоо конкурсун «ачык» өткөрөөрүн убадалады. Түшүндүрөбүз

Венгрия өлкөнүн университеттеринде акысыз билим алууга 75 орун бөлүп берген. Бир нече жыл мурун билим берүү министрлигин гранттык окууга тандап алуу конкурсунда аткаминерлердин балдарын алдыга сүрмөлөөгө айыпташкандыктан, бул жылы ведомство ачык конкурсту чагылдыруу үчүн журналисттерди чакырган.

«Өткөн жылы тандап алуу процессиндеги жаңжалдарды эске алып, жаңы министрдин жетекчилиги алдында бул жылы конкурсту өтө ачык, калыс жана объективдүү өткөрүү пландалууда», — деп билдиришти ведомстводон.

Билим берүү министрлиги тандоо процессин алгачкы баскычтарынан тарта финалга чейин чагылдыруу үчүн журналисттерди чакырган. Ведомстводон «Клоопко» билдиришкендей, конкурстук тандоону ачык-айкын өткөрүү — бул министр Каныбек Исаковдун тапшырмасы.

Венгриянын өкмөтү студенттерди акысыз билим, 9 400 сомдон башталган стипендия, жатакана же турак үйгө кетчү сумма менен камсыздап берет. Тандоо баскычына катышууга электрондук өтүнмөлөр кийинки жылдын 15-январына чейин кабыл алынат. Венгриялык тарап билим алууга талапкерлерди тандап алып, жыйынтыктарын жайында жарыялайт.

Венгриялык гранттардын айланасындагы жаңжал

Венгрия менен Кыргызстан 2016-жылы макулдашууга кол коюшкан. Ал макулдашуу боюнча Венгриянын университеттеринде жыл сайын 25 кыргыз студенттери билим алышы керек.

2017-жылдын май айында парламенттин депутаты Жанар Акаев Венгрияда окуу үчүн гранттарды аткаминерлердин, өкмөт жана парламент өкүлдөрүнүн балдары алышканын айтып чыккан.

Акаевдин маалыматы боюнча, гранттык окууга жүз абитуриент тапшырган, бирок түшүнүксүз себептерден улам алардын документтери венгердик тарапка жетпей калган. Бирок, гранттык окууга билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун кызы, парламентарий Марадалы Мадеминовдун кызы жана билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Усупбековдун кызы өтүп кеткен.

Ошондо ведомство бардык конкурстар ачык өтөөрүн айтып, эгер тизмеде депутаттын баласы бар болсо, демек ал бардык талаптарга жооп бергендиктен өткөнүн билдирген.