Ноокаттагы жапырт мушташка байланыштуу алты адам камакка алынды

Cоциалдык тармактарда 12-декабрда массалык уруш тартылган тасма жарыяланган. Видеодон ондогон жөө жүргөн жана атчан адамдардын тобун көрүүгө болот. Аларды жолдон өтүп бара жаткан автоунаанын жүргүнчүсү тасмага түшүргөн. Кадрда белгисиз адамдар унаанын алдыңкы терезесин талкалаганын көрүүгө болот.

Көп өтпөй Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев жаңжал 11-декабрда Ноокат районунун Жалданма айылында болгонун маалымдады. Облустук милициядан билдиришкендей, мушташ айылдагы Бак жана Шалдырама көчөлөрүнүн балдарынын ортосунда орун алган.

«10-декабрда Жаңы-Ноокат айылынын жаштарынын ортосунда футбол мелдеши өтөт. Түшүнбөстүктөрдөн улам Бак көчөсүндө жашаган бала калыс менен айтыша кетет. Калыска болушкан Шалдырама көчөсүнүн баласы аны мушташка чакырат. Жыйынтыгында Бак көчөсүнүн баласы сабалат», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Мындан кийин Шалдырама көчөсүнүн балдары ур-токмокко алган жигитти Бак көчөсүнө чейин ат менен кубалап барышат. Натыйжада окуя жапырт мушташка айланат.

Мушташтан төрт адам жеңил жараат алып ооруканага кайрылышкан. Ал эми окуя боюнча милицияга жалпы 5 арыз келип түшкөн. Өз арызында алар автоунаасына, турак жайына материалдык зыян келтирилгендигин жана денесине жараат алгандыгын жазышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, тергөөнүн жүрүшүндө 50гө жакын адам суракка чакырылды. Ошондой эле мушташка түздөн-түз катышкан 6 адам 48 саатка камакка алынды.