Кош-Болот айылында эки айдан бери кыргыз телеканалдары тартпай жатат — Ала-Бука району

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар «Азаттык» үналгысына билдирди. Тургундардын айтымында, алар учурда Өзбекстан жана Орусиянын каналдарын көрүүгө аргасыз болушууда.

«Балдар азыр такай өзбек тилиндеги мультфильм жана кинотасмаларды көрүп, тилдери бурула баштады. Телевизордон бат-баттан каналдарды издегенибиз менен кыргыз каналдары тартпай жатат», – деп нааразы болгон жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми Кош-Болот айылынын башчысы Сейитбек Шабданов акыркы убакта кыргыз каналдары көрсөтпөй жатканын тастыктаган. «Айылдын борборунда Кыргызстандын жети-сегиз каналы тартат. Бирок соңку кездери толкун жакшы кармабай, улам жоголуп кетүүдө», – деп түшүндүргөн Шабданов.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы «Клоопко» бул тууралуу маалыматы жоктугу жана аларга арыз менен эч ким кайрылбаганын билдиришти.

Кош-Болот айылында 1100дөн ашык адам жашайт. Ала-Бука районуна караган айыл Өзбекстандын Чуст району менен чектешет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды аймактарды санариптештирүү жылы деп белгилеген. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн Санариптештирүү конференциясында Кыргызстан санариптештирүү боюнча региондогу алдыӊкы орунга чыгыш керектигин айтып чыккан.