Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркагандардын абалы «туруктуу»

Баткен облусундагы Көк-Таш айылына чектеш кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы «туруктуу» деп бааланууда. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусов кабарлады.

«Эки адам октон жаракат алган. Оң далысына ок тийген аскер кызматкерине кече операция жасалды, азыр абалы туруктуу. Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок сол колуна тийип тешип өткөн. Учурда дарыланып жатат. Баарынын абалы туруктуу», — деди башкы дарыгер.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-декабрда такталбаган аймакта тосмо орнотулганына байланыштуу чыр-чатак чыккан. Жаңжал эртеси күнү да уланып 18-декабрда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Бул учурда таш ыргытылып, андан кийин ок атылган. Кыргызстан менен Тажикстан ок атуу үчүн жоопкерчиликти бири-бирине оодарышууда. Натыйжада кыргыз тараптан 6 адам жабыркаган — экөөнө ок тийген. Тажикстан тараптан эки адам жабыркаганы айтылууда.