Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок — ӨКМ

Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базада 23-декабрда түштөн кийин өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тилсиз жоо тууралуу маалымат саат 16:00дө келип түшкөн.

«Мунай базадан чыккан өрт толугу менен саат 16:52де өчүрүлгөн. Өрт чыккандан баштап жеринде Жалал-Абад шаарынын өрт өчүрүү кызматынын ыкчам тобу жана алты бөлүмү иш алып барды», — деди «Клоопко» ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

Шерипова кошумчалагандай, кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат. ӨКМден мунай базанын аталышын кийинчерээк кабарлоону убадалашты.

Үстүбүздөгү жылдын май айында калаадагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан «Томас» мунай базасында өрт чыккан. Тилсиз жоодон эки адам жабыркап ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен эки миң тонналык мунай сакталган цилиндр жана бир бензобак күйүп кеткен. Өрт дээрлик алты сааттан кийин өчүрүлгөн.

Көп өтпөй мунай базада чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан ӨКМдин кызматкерлери төш белги жана сыйбарактар менен сыйланышкан.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Томас» ЖЧКсынын түзүүчүсү Казыбек Ташиев. Казыбек Ташиев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин иниси. Stanradar.com басылмасы жазгандай, «Томастын» 12 май куюучу бекети бар.