Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 500 орундуу мектеп курула баштады — Ош шаары

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда 24-декабрда 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Орто билим берүү мекеменин курулушуна жемкорлукка каршы күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен 54 млн сом сарпталмакчы. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Мектептин курулушун 2020-жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Абсаттаров кабарлагандай, аталган эсептен өлкө боюнча 15 мектеп курулат — Бишкек шаарына жана Чүй облусуна жетиден, ал эми Ош шаарына бир.

Үстүбүздөгү жылдын февралында президен Сооронбай Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөштөн түшкөн акчалар жаңы мектептерди курууга багытталаарын жарыялаган. Бийлик 2018-жылы июлда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар үчүн атайын эсепти ачкан. Каржы министрлиги 20-февралда маалымдагандай, атайын эсепке 1 млрд сомдон ашык акча түшкөн.