Ноокатта шахтаны суу каптап 23 жаштагы жигит каза тапты

Ош облусунун Ноокат районунун Баглан айылында жайгашкан көмүр кенинен 24-декабрда кечке жуук тургундун сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

«ӨКМдин тоо-кен куткаруу кызматынан маалымат түшкөн замат барып сууну сордурушкан. 23 жаштагы тургундун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп маалымдады Шерипова.

Ноокат, Араван райондорунун экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Акылбек Шамаевдин айтымында, кырсык жеке ишкерге таандык болгон «Исламов» көмүр кенинде орун алган.

«Ноябрь айынын башында “Исламов” көмүр кенин пландык текшерүү учурунда бир нече мыйзам бузуулар болгондуктан, эскертүү берилип иш токтотулган болчу. Кырсык болгон учурда жеке ишкер өзү уруксат бергенби же тургундар шахтага өз алдынча киришкенби азыр бизге белгисиз. Иликтенип бүтсө кошумча маалымдалат», — деп түшүндүрдү Шамаев.

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин биринде 4 адам ис газына ууланып каза болгон. Алардын экөөсү бир туугандар. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кенди «Ормон» ЖЧКсы иштетип жатканын билдиришкен.

Мурдараак октябрь айында ушул эле облустун Сүлүктү шаары менен Кадамжай районунда эки күндүн ичинде жалпысынан 6 адам көмүр кениндеги иске ууланып каза тапкан.

Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзбөө тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.