Тажикстандык аялдын октон жарадар болушуна кыргыз тараптын тиешеси жок — Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Икбол Тешаев 29-декабрда фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын жараны тажикстандык аялды октон жарадар кылды деп жазды. Билдирүүдө Жаңы жыл майрамы алдында да кыргыз тараптан «ырайымсыз көрүнүштөр уланып жатат» деп айтылган.

«Тажикстандын Сомониен айылынын жашоочусу 24 жаштагы Тайибү Сафаровага суу алганы баратканда мергенчи куралынан ок атылды. Күбөлөрдүн айтымында ок Баткендин Көк-Таш айылынын тургунунун үйү тарабынан чыгарылган», — деп кабарлаган Тешаев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» окуяга кыргызстандыктын тиешеси жоктугун айтты. Ал окуя Тажикстандын аймагынын ичинде болгонун маалымдады.

«Өкүлчүлүктүн коопсуздук бөлүмдөрү тарабынан тажик жарандарынын ортосунда үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер болгону аныкталды. Ал эми Көк-Таш айылынын тургуну ок чыгарды делген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп маалымдады Бердигулова.

Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» Көк-Таш айылынын аймыганда мындай окуя катталган эместигин айтты.

Баткен облусунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Сомониен айылы кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылына чектеш такталбаган аймакта эл чогулуп турганы тартылган сүрөт тараган. Анда аймак «тынч эмес» болгону жазылган. Кийнчерээк чыр такталбаган аймакта тосмо орнотулганына байланыштуу чыкканы белгилүү болгон.

Жаңжал эртеси күнү да уланып 18-декабрда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн. Бул учурда таш ыргытылып, андан кийин ок атылган. Натыйжада кыргыз тараптан 6 адам жабыркаган — экөөнө ок тийген. Тажикстан тараптан үч адам жабыркаганы айтылган.