Тышкы паспорттор иши: «Инфоком» менен МККнын аткаминерлерине штраф салынып, эркиндикте калышты

Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандардын тышкы паспортун жасоо боюнча тендердеги бузууларга байланыштуу иш боюнча үч айыпталуучуга карата өкүм чыгарды. Алар: «Инфоком» мамишканасынын директору Талант Абдуллаев, ишканынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана МККнын төрага орун басары Руслан Сарыбаев.

Абдуллаевдин адвокаты Марат Эшперов «Азаттыкка» билдиргендей, сот аткаминерлерди эркиндикте калтырып, аларга алты категориядагы айыппул салган. Юрист айыппулдун суммасын соттун өкүмү колуна тийгенден кийин гана тактай алат. Биринчи май райондук соту комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

Тендер жана жаңы үлгүдөгү паспорттор

Абдуллаев, Бакчиев жана Сарыбаев өткөн жылдын апрелинде электрондук тышкы паспортторду жасоо боюнча өткөн тендердеги бузууларга байланыштуу кармалышкан. Ошондой эле атайын кызматтын өкүлдөрү бул иш боюнча электрондук паспортторду сатып алуу боюнча тендерге кандайдыр бир тиешелери бар адамдарды суракка алып, тинтүү жүргүзүшкөн. Алардын ичинде коомдук башталышта утулуп калган компания же адамдардын болуп өткөн тендерге карата даттанууларын караган комиссиянын мүчөлөрү да бар.

МККнын башчысы Алина Шаикова отставкага кетирилген. Кийинчерээк ал сурактарга келбей калгандыктан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөө «Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаевди жалпы жарандык паспорттор үчүн бланктарды даярдоо боюнча тендерди утуп кеткен Garsu Pasaulis компаниясы менен «аффилирленген» деп атаган. МКК төрагасынын орун басары Сарыбаев биометрикалык паспортттор үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендердик комиссияны жетектеп турган.

Аткаминерлердин үчөөсү тең үй камагында болгон. Талант Абдуллаев тергөө менен кызматташууга барганы үчүн үй камагына чыгарылган.

МКК жаң үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендерди 2018-жылы жарыялаган. Ага беш чет элдик компания катышып, литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңүүчү аталган. Бирок Германиянын Muhlbauer ID Services жана IDEMIA France француз компаниясы «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилигенин» билдирип, конкурстун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Миллиондогон долларлык паспорт тендери чуу жаратты. Анда кандай мүчүлүштүктөр кеткенин айтып беребиз