Калдарбек Абдраманов: Илимий борбордогу кардиология бөлүмүн кардиохирургиядан бөлүп салуу туура эмес

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборундагы кардиология бөлүмүн облусттук клиникалык ооруканасына которууга борбордун жамааты каршы. Бул тууралуу «Клоопко» аталган борбордун жетекчиси Калдарбек Абдраманов билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2019-жылдын 16-ноябрындагы коллегиялык жыйынында аталган маселе каралган эмес жана расмий сунуш министрликке түшкөн эмес. Бирок эмнегедир бул демилге жүзөгө ашырылуучу маселе катары министрликтин буйругуна кирип калган.

«2019-жылдын декабрь айындагы борбордун жалпы жамааттык жыйынында бул маселе талкууланган. Жалпы даарыгерлер бир добуштан кардиология бөлүмүн Жалал-Абад облусттук клиникалык ооруканасына өткөрүү демилгеси негизсиз жана аталган бөлүмдүн өнүгүшүнө тоскоол болчу туура эмес сунуш деп табышкан. Токтом да кабыл алынган», — деди Абдраманов.

Илимий борбор кардиохирургия жана кардиология бөлүмдөрүнөн турат. Эки бөлүмдү бири-биринен ажыратуу сунушу туура эместигин тариздеп Абдраманов министрликке да кайрылуу кат жолдогон. Анда борборду экиге бөлбөй, анын жаңы имаратын оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгарып, өнүктүрүү керектигин жазган.

Материал жарык көрөөр алдында Саламаттыкты сактоо министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова суроолорду кат түрүндө узатууну айтты.

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору заманбап дартты аныктоо жана дарылоочу түштүктөгү жалгыз борбор. 2015-жылга чейин илимий борбор облусттук оорукананын имаратында иш алып барып келген.

Кийинчерээк өкмөт Кадыржан Батыровго таандык курулушу бүтө элек имаратты борборго өткөрүп берген. Учурда дарыгерлер оңдоп-түзөөгө муктаж имаратта иштеп жатышат. Буга мамлекет тарабынан каражаттын бөлүнбөй жатканы себеп. Имаратты куруп бүткөрүү үчүн 70 млн сомдон ашуун каражат керектелгени айтылган.