ТИМ: Иранда кулаган учакта кыргызстандыктар болгон эмес

Украина авиа жолдорунун учагы Тегерандын аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй кыйраган. Анын бортундагы 170тен ашуун жүргүнчү болгон жана алардын бардыгы каза тапкан.

Кыргызстандын ТИМи кыйраган учакта кыргызстандыктар же Кыргызстандын атуулдары жок экенин кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта Ирандын 70тен ашуун жараны, 70тен ашуун канадалык, 10дон ашуун украиналык (басымдуу бөлүгү экипаж), Швециянан сегиз жараны, Ооганстандын алты жараны, төрт германиялык жаран жана үчөө Улуу Британиянын жараны болгон. Учактын бортунда даана канча адам болгону азырынча белгисиз — болжолдуу 176 адам болгон. Бортто башка өлкөлөрдүн жарандары да болушу ыктымал.

Учак кырсыгынын алдын ала версиясы катары, кыймылдаткычтан чыккан өрт айтылууда. Украина бийлиги теракт болушу мүмкүндүгүн четке какты.