Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» мурдагы кызматкери суракка чакырылды. Буга чейин үчөө суралган

Ош ШИИБи «Клооптун» мурдагы кызматкерин суракка чакырды — ага антикоррупциялык иликтөөнүн фигуранты Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун арызы себеп болгон. Сурак 13-январда 15:00дө өтөт.

Суракка чакыруунун себеби

Руслан Матраимов журналисттер 9-январда анын үйүнөн жүздөгөн метр алыстыкта жайгашкан имаратты тартып жатышкандарына нааразы болгон. Ал журналисттердин аракеттери анын жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коопсуздугуна шек келтирет деп билдирген.

Мурдараак милицияга басылманын айдоочусу, журналисти жана оператору сурак берген. Алардан тартылган тасманы көрсөтүүнү талап кылышкан — «Клооп» видеолорду Ош ШИИБи расмий сурам жөнөткөндөн кийин берүүгө макул болгон.

Биздин кызматкерлер 9-январда курулушу бүтө элек имаратты тартышкан. Алдын-ала маалыматтар боюнча имарат мыйзамсыз курулган. Бул боюнча макала январдын ортолорунда жарыяланмак. Тасма тартуу маалында алардын жанында биздин мурдагы кызматкер да болгон.

Съемка жүрүп жатканда Матраимовдун жакын адамы келип, каралбай калган имаратты тартууга тоскоолдук жараткан жана видеону ага көрсөтүүнү талап кылган. Натыйжада журналисттер кетүүгө аргасыз болуп, мурдараак 500дөй бак-дарак кыйылган Шакиров көчөсүн тартууга жөнөп кетишкен.

Матраимовдун арызы КЖБРде катталды

Биринчи айдоочуну суракка алышкан. Аны 10-январда ЖКККББ аркылуу таап шаардык милицияга жеткиришкен. Сурак кандай өтүп жатканын билүү үчүн журналист барганда ал да суралган. Ал эми 11-январда оператор сурак берген. Журналистке суракка чакыруу кагазы арткы дата менен бериген. Операторго тапшырылган баракта дареги туура эмес жазылган. Мындан тышкары эки казагда тең чакырылгандардын статусу жазылбай, мөөр басылган эмес.

Сурак учурунда биздин журналист мурдагы кесиптешин кийлигиштирбөөнү өтүнгөн, бирок милиция ага да чакыруу кагазын тапшырган. Басылманын мурдагы кызматкеринин айтымында, милиция аны эки күн издегенин билдирген. Ага тапшырылган чакыруу кагазында мөөр басылган.

Ош ШИИБи бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, «Адамдын жеке турмушунун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Руслан Матраимов да журналисттердин үстүнөн ушундай эле арыз жазган, бирок «Клооптун» кызматкерлери анын турак жайын да, жеке жашоосун да видеого тартышкан эмес.

Матраимовдор

Руслан Матраимов — бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси, ал «Исмаил ата» кайрымдуулук фондун жетектейт. Аталган фонд жана Искендер Матраимов, Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко беришкен. 20-январда кезектеги соттук отурум өтөт.

Матраимовдордун үй-бүлөсү журналист Али Токтакуновдон жана жогоруда аталган басылмалардан 60 млн сом өлчөмүндө компенсация өндүрүүнү талап кылууда.

Матраимовдор ЖМКларды бажыдагы коррупция жана аткезчилик тууралуу иликтөө үчүн сотко берди. «Азаттык» жана «Клооп» иликтөөнүн авторлорунун бири болсо, ал эми 24.kg жөн гана иликтөөдөгү фактыларды атап сайтына жарыялаган.

Алар маалымат чындыкка дал келбейт дешүүдө, ал эми алардын адвокаты саясатчынын жана бажы башчысынын мурдагы орун басарынын үй-бүлөсүнө моралдык залал келтирилген деп айтууда.

Иликтөөдө коррупция жана аткезчиликтин масштабы тууралуу, ошондой эле Матраимовдордун аткезчиликтин атасы Хабибулла Абдукадыр менен болгон баланышы боюнча ачык булактардан алынган маалыматтар жана маалымат булактарынын билдирүүлөрү бар.

Матраимовдордун доосу боюнча өткөн биринчи сот отурумунда алар иликтөөдөгү 15 фактыны эскерүүгө тыюу салууну жана материалдын үстүндө иштеген бардык иликтөөчү журналисттердин ысымдарын ачыкка чыгарууну талап кылышкан. Сот алардын өтүнүчүн четке каккан.