Оштун экс-мэринин инисин сабоого шектелип «Казак» кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 17-январда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Казак» деген каймана атка ээ болгон Умар Маратов кармалды. Ал ушул эле күнү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал каракчылык фактысы боюнча тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде кармалды.

Ош шаарында 11-январга караган түнү мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбеков сабалган. Райымбековдун туугандары аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү токмоктоп кетенин айтышкан. Ал эми укук коргоо органдарынан буга Маратовдун тиешеси бар-жогу териштириле турганы кабарланган.

Милициядан Райымбеков сабалган күнү буюмдары тонолгонун билдирип, окуя «карактоо» беренеси менен катталганын маалымдашкан. Кийинчерээк бул кылмышка шектелип эки жаран кармалган — «Казак» үчүнчүсү болду.

Буга чейин Маратов «Ээнбаштык» жана «Зордуктоо» беренелери менен шектелип, өткөн жылдын декабрында кармалган. Буга карабастан Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 2020-жылдын 8-январында үй камагына чыгарган.

Кийинчерээк Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Сулайманованын ишинде мыйзам бузууларды аныктап, жумуштан четтеттүү чечимин чыгарган. Бул сунушту президент Сооронбай Жээнбеков да колдоп 17-январда аны иштен бошотту.