Жалал-Абад: Тыюу салынган «Йакын инкар» тобунун мүчөсү баласын мектепке жиберүүдөн баш тартууда

Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери үймө-үй кыдыруунун натыйжасында мектепке барбай жүргөн беш баланы аныкташты. Алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин төрт окуучу мектепке кайрадан тартылган. Ал эми 10 жаштагы баланын атасы диний көз карашынан улам уулун мектепке берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу «Клоопко» мекеменин башчысынын орун басары Назира Жакыпова билдирди.

«Бул маселени мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссияга койгонбуз. Ал жерде бул үй-бүлө менен иш алып барууга казыяттын баш имамы милдеттендирилген. Казыят тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, учурда баланын атасы дааватка кеткени белгилүү болду. Баласын үйдөн окутуп жаткан апасы уулунун мектепке баруусуна каршы эмес, бирок жолдошу уруксат бербегенин маалымдады. Азырынча атасы менен байланышууга аракет кылып жатабыз», — деди Жакыпова.

Ал эми Жалал-Абад облустук казыяттын бөлүм башчысы Арпидин Жороев «Азаттыка» уулун окутуудан баш тартып жаткан тургун «Йакыр инкар» тобунун мүчөсү экенин билдирген.

«Бала учурда Кара-Сууда карыдан билим алып, куран жаттап жатыптыр. Атасы мечитке келип намаз окуп жүргөнүн көрчүмүн, бирок баласын мектепке жибербей жатканын билчү эмесмин. Баланын билим алуу укугу корголушу керек. Бул мамлекеттин саясатына каршы чыгуу жана өтө караңгылык деп билем», — деп айткан Жороев.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, баланын ата-энеси аны мектепте окутуудан баш тартышканын улантышса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

«Эгерде ата-эне баласын мектепке жиберүүдөн баш тартып жаткан болсо алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин да мектепке жибербесе Бузуулар кодексинин “Ата-энелик милдеттерден качуу” беренесинин негизинде ата-энесине айып пул салынат. Анткени ар бир бала 9-класска чейин мектепте билим алууга милдеттүү», — деди Жээнтаев.

Жээнтаев кошумчалагандай, баланы мектепке кайтаруунун алдында анын билим деңгээли текшерилет. Эгерде деңгээли өз теңдүүлөр менен бирдей болсо окуусун уланта берет. Ал эми билими төмөн болсо бир класс ылдый олтурат.

«Йакын инкар» диний агымы дааватчылардын ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы сот аркылуу экстремисттик деп табылган. Милициянын маалыматына караганда Жалал-Абад облусунда бул агымдын 70тей жашайт.