Финчалгын: «700 млн доллар — бул Кыргызстандын бюджетиндеги акчалар эмес»

Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын 21-январда өткөн отурумуна Улуттук банктын, Бажы кызматынын жана Финчалгындын өкүлдөрү чакырылган.

Финчалгын түшүндүргөндөй, «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөдө айтылган 700 млн доллар — бул Кыргызстандын мамлекеттик бюджетиндеги акча эмес, тагыраагы биздин өлкөдөн чыгарылган эмес.

Ведомство учурда 700 млн доллар кимге таандык экенин жана алардын изи Кыргызстанда жашырылып-жашырылбаганын аныктоодо.

Финчалгын буга чейин отчёт берип, анда Матраимовдордун чет өлкөдө мүлкү жок деп айтылган. Бирок, иликтөөчү журналисттер Дубайда Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бери эле дегенде бир нече мүлкү бар экенин аныкташкан.

Мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллиард

2019-жылдын күзүндө Финполиция бизнесмен Айэркен Саймаити өлкөдөн 932 миллион 736 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин ырастаган. Ошондо, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Эртеси күнү, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда парламенттин депутаты жана Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов Финполдун башчысы Бакир Таировду Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга тиешеси бардыгын ырастаганына айыптаган.

«Финполициянын башчысы [Матраимовдордун] үй-бүлөсү бардык нерсеге күнөөлүү деп, бизди аткезчиликке айыптады. Кандай акыңыз бар?» — деп Таировго кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА: