Оштун милициясы кылмыштуу топтун 16 мүчөсүн кармап мыйзам бузбоону эскертти

Ош ШИИБи тарабынан 23-25-январь күндөрү «Бандит» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Натыйжада калаада жашаган уюшкан кылмыштуу топтун 16 мүчөсү милицияга жеткирилип, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамды бузбоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча эскертүүлөрдү алышты.

Мындай рейд уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» каймана аты бар Умар Маратовдун адвокаты Динара Турдуматова милиция кызматкери Нурбек Айтибай уулун «каралар» менен коркутуп жатат деген маалымат тарагандан кийин уюштурулду. Ош шаардык милициясы учурда бул боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, калаа боюнча 34 кылмыштуу топтун мүчөсү каттоодо турат жана өткөн жылы сегизи камалган. Алардын бири Маратов «Ээнбаштык», «Зордуктоо» жана «Каракчылык» беренелери боюнча шектелүүдө. Ал бир айга камакка алынган.