«Казак» бир айга камалды, ал эми экс-мэрдин сабалган иниси тосмо арыз жазды

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов 19-январь күнү Ош шаардык соту тарабынан бир айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

«Сот №1 тергөө изоляторунда кармоо жөнүндө чечим кабыл алды. Тергөө бүтүшү менен сотко өткөрүлүп берилет. Эгерде бир айдын ичинде тергелип бүтпөсө, прокуратуранын сунушу менен [бөгөт коюу чарасы] дагы узартылышы мүмкүн», — деди Сыдыков.

Ош ШИИБи Маратовду 17-январь күнү кармаган. Ал Оштун мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбековду сабоого шектелүүдө. Мурдараак бул окуяга байланыштуу эки адам кармалган болчу.

Ал эми жабырлануучу Улан Райымбеков «Казак» кармалган күнү тосмо арыз жазып, ага доосу жоктугун билдирген. «Азаттык» жарыялаган тосмо арызда ал Маратовго каршы арызды милициянын үч кызматкери мажбурлап жаздырганын белгилеген.

Материал жарык көрөөр алдында бул тууралуу шаардык милициядан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Сүрөт: Азаттык

Маратов Оштун кафелеринин биринде 23 жаштагы баланы сабоого, кийинчерээк жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип өткөн жылдын декабрында кармалган. Бирок 2020-жылдын 8-январында Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова аны тергөө изоляторунан үй камагына чыгарган.

Көп өтпөй Соттор кеңешинин тартип комиссиясы Сулайманованын ишинде мыйзам бузууларды аныктап, жумуштан четтеттүү чечимин чыгарган. Бул сунушту президент Сооронбай Жээнбеков да колдоп 17-январда аны иштен бошотту.