Ош облусттук филармониясына жылуулук киргизилгени менен имарат толук жылыбай жатат

Өткөн жылдын аягында Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясынын жылуулук системасы жаңыланган. Ага дээрлик 6 млн сомдой жумшалган.

«Клооптун» журналисттери филармонияга барган учурда кызматкерлер имарат толугу менен жылыбай жатканын айтышты. Учурда жылуулук эки концерттик залда жана кызматкерлер отурган бөлмөлөрдө гана бар. Ал эми имараттын алдыңкы административтик тарабына жылуулук таптакыр жеткен эмес.

Филармониянын жетекчисинин орун басары Муратали Сыргабаевдин айтымында, бул көйгөй маданий мекеменин алдыңкы тарабындагы түтүктөр системага уланбай калгандыктан жаралган.

«Мурун “Таң-суу” атту электр-жылуулук системасы коюлган, система илгери эле бузук болгон экен, биз аны билбептирбиз. Суу бергенде баары бир эле ысыйт деп ойлогонбуз. Кийин ал жакка кошулбай калганын билдик [...] Курулуш компаниясына айттык, алар өздөрдү да келип көрүшкөн. Адистер оңдоп берет деп убадаланган, бирок жасабады. Кыш да келди», — деди Сыргабаев.

Ошондой эле Сыргабаев тендерди уткан «Альянз-Экшн» компаниясы оңдоо иштерин баштабаса, мыйзам чегинде жооп беришери тууралуу эскертилгенин кошумчалады.

«Альянз-Экшн» ЖЧКсынын жетекчисинин орун басары Жанарбек Бектуров компаниянын атынан жооп бере албашын айтты. Бирок ошол эле убакытта компания долбоор боюнча иш жүргүзүп, мындай көйгөй жаралышы долбоордо каралган эместигин кошумчалады.

«Биз жылуулук өтпөгөн жагына улап бергени даярбыз. Болгону жылуулук сезон учуру болгондуктан биз жылуулукту өчүрүп кийин улоого аргасыз болобуз. Ал эми биз өз ыктыярыбыз менен өчүрсөк, ЖЭБ тараптан бизге айыппул салынат. Азырынча ЖЭБ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бир-эки күндүн ичинде [имараттын] алдыңкы тарабына улап беребиз», — деп ишендирди Бектуров.

Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясы 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн июнь окуясында өрттөнүп, жылуулук системасы да талкаланган. Арадан 8 жыл өткөндөн кийин Маданият жана туризм министрлиги филармониянын жетекчилигинин жылуулукту калыбына келтирүү суранычы канааттандырып, 2018-жылдын аягында каражат бөлүп берген.

Тема боюнча:

Ош облустук филармонияга жылуулук киргизүү иштери эмне үчүн созулууда?