Жалал-Абадда өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн киши эки жылга кесилди

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук соту 17-январь күнү 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган 57 жаштагы кишини эки жылга эркинен ажыратты. Аталган өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Кылмыш 2019-жылдын 16-сентябрында 12:30 чамаларында болгон. Соттолуучу мас абалында кошуна кызды чакырып, 200 сом сунуштап үйүнүн короосуну шыпырып берүүнү өтүнгөн. Кийинчерээк ал кызды үйүнө чакырып, чечиндирип сексуалдык ыдык көрсөткөн. Өспүрүм кыз коркуп, үйдөн качып чыккан.

Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, кылмыш болгон күнү Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү акча салгандыктан, аны алуу үчүн банкка кеткен. Үйүнө кайтып келгенде, айыпталуучу үч баласын кучактап отурганын көргөн — кызынын колунда 200 сом болгон. Кошунасы алардын үйүнөн кеткенден кийин, кыз апасына «шымымды чечип жыныстык мүчөмө колун салды, бирөөгө айтсам өлтүрөмүн деп коркутту, азыр ооруп жатат» деп айтып берген.

Кыздын апасы айыпталуучунун үйүнө барып ызы-чуу салган. Андан кийин аял кызын алып ооруканага барган, бирок ал жактан аларды кабыл алышкан эместинин айткан. Кыздын атасы окуя болгон күндүн эртеси Кыргызстанга келген.

Айыпталуучу сот отурумда күнөөсүн мойнуна алды. Ал мас болгондуктан окуя эсинде жок экенин айтып жабырлануучу тараптан кечирим сураган.

Өкүмгө нааразы болгон тарап 30 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу. Учурда жабырлануучу тарап даттана элек.

Ошол эле Ноокен районунда 28-январь күнү 3-класста окуган кызды зордуктоо фактысы катталган. Зордуктоого шектелген 20-25 жаштардагы киши учурда изделүүдө.