Коопсуздук кеңеши чек арадагы коррупцияга даттанган офицердин жазган арызын көзөмөлгө алды

Чек ара кызматындагы «мыйзамсыз» иштерди айтып чыккан мекеменин подполковниги Талгат Алановду 30-январь күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алды.

Жолугушуунун натыйжасында Алановдун Ош гарнизондук Аскер прокуратурасына берилген арызынын негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүнө алынды.

Ошондой эле Коопсуздук кеңеши Аскер прокуратурасына сотко чейинки өндүрүштү Ош гарнизондук Аскер прокуратурасынан сурап алууну сунуштады. Мындан тышкары Сагынбаев УКМК кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобун Аскер прокуратурасы менен биргеликте иш алып баруусун айтты.

Аланов «Клоопко» Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алганын тастыктады. «Чек арадагы шектүү иштерди айтып бердим. Коопсуздук кеңешинен жазган арызымды кабыл алышты, комиссия түзүлүп иликтөө башталаарын айтышты», — деди чек ара кызматкери.

Чек арадагы коррупция тууралуу маалымат жыйын

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйын курган. Анда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Көп өтпөй Талгат Аланов өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле өткөн жылдын 12-декабрында ал Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.

Кийинчерээк Талгат Алановдун үстүнөн беш кесиптеши арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Аланов курган маалымат жыйында айтып чыккан маалымат алардын «кадыр-баркына шек келтиргенин» айтышып, жалпысынан андан 500 миң сом компенсация талап кылышууда.