«500 миң сом компенсация». Чек арадагы коррупцияга даттанган офицерди кесиптештери сотко беришти

Подполковник Талгат Алановдун басма сөз жыйын куруп билдирүү жасап жаткан учуру. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы 

Чек арадагы «мыйзамсыз» иштер тууралуу айтып чыккан подполковник Талгат Алановдун үстүнөн беш кесиптеши арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылышты. Бул тууралуу «Клоопко» чек ара кызматынын басма сөз катчысы Асылкерим Ажиев кабарлады.

«Подполковник Талгат Аланов берген маалымат жыйында аттары аталып өткөн аскер кызматкерлери сотко арызданышкан. Алар өздөрү тараптан эч кандай укук бузуулар болбогондугун, кесиптеши тарабынан өздөрүнүн кадыр-баркына доо кеткенин билдирип, ак экендиктерин далилдөө максатында даттанышкан», — деди Ажиев.

Аланов «Клоопко» анын үстүнөн арызды Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси жана аталган ведомствонун төрт кызматкери жазганын билдирди. Ошондой эле алардын ар бири андан 100 миң сомдон компенсация өндүрүүнү каалап жатышканын кошумчалады.

«Коррупция боюнча маалымат жыйында айтылган беш фактка тиешеси бар кызматкерлер арызданышкан. Алар биригип алып мага кызматтык куугунтук кылышууда», — деди Аланов.

Ал эми чек ара кызматынан подполковникке карата кызматтык куугунтук болбогонун, ал Аскер прокуратурасына арызданууга укуктуу экендигин айтышты.

Ош шаардык сотунан Алановдун үстүнөн кесиптештери арыз жазышканын «Клоопко» тастыкташты.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйын курган. Анда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Бир нече күндөн кийин «Достук» чек ара бекетинин башчысы Талант Айтпаев кызматынан убактылуу четтетилген. Чек ара кызматынан бул Алановдун маалымат жыйыны менен тиешеси жоктугун айтышкан.

Ведомстводон ошондой эле чек ара кызматында коррупция иштери болуп-болбогонун Аскер прокуратурасы иликтей турганын жана Алановдун жыйында айткан сөздөрүнө укуктук баа берилээрин билдиришкен.

Көп өтпөй Талгат Аланов өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле өткөн жылдын 12-декабрында Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.