Кытайга барып келген эки кыргызстандык дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы чек ара өткөрмө бекетинде 5-февраль күнү Тажикстандан өтүп келген эки кыргызстандык коронавируска шектелип облусттук ооруканага жаткырылган. Бул маалымат соцтармактарда жарыяланган Баткен облусттук Саламаттык сактоо тармагынын координатору Арзыбек Борубеков катынан алынды.

Каттагы маалыматка ылайык, 37 жана 28 жаштагы Кыргызстандын жарандары 14-январда Кытайдын Улугчат айылына барып, 21-январь күнү Ош облусуна кайра келишкен. Ошол эле күнү алар Баткен аркылуу Тажикстанга чыгып кайра 5-февралда кайтышкан.

Кыргызстандыктар Кызыл-Белдеги өткөрмө пунктунан өтүп жатканда тепловизор алардын дене табы 37,3 даража болгонун көрсөткөн. Нөөмөттө турган кызматкерлер аларды коронавируска шектеп, Баткен облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткиришкен. Ошондой эле алар изоляцияга алынганы айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» Баткенде кыргызстандыктар коронавируска шектелип ооруканага жаткырылган деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар каттала элек.

«Эпидемиологиялык абал туруктуу. [...] Алар [“коронавируска” шектелген жарандар] Кытайдан Тажикстан аркылуу келгенинен улам, саламаттыкты сактоо кызматкерлери аларды байкоо үчүн ооруканага алып келишкен. Алардын абалы канааттандырарлык», — деди Айгерчинова.

Мындан тышкары Кытайдын Улугчат аймагынан ошол эле күнү 22 оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кайтып келген. Аларга «Эркечтам» өткөрмө бекетинде убактылуу жатакана берилип, медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат. Карантин үч күнгө чейин созулаары айтылууда.

Коронавирустун очогу — Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары. Буга чейин Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын жана башка дагы 10дон ашуун шаарды карантинге жаап, темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Кыргызстандын чек ара кызматы Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу 24-31-январга чейин кыргыз-кытай чек арасы жабылганын кабарлаган. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу бардык чек ара өткөрмө пунктарында көзөмөл күчөтүлүп, санитардык-карантин пунктары иштеп жатканын маалымдаган.