Антикоррупциялык кызмат аткезчилик ишине байланыштуу Финполдун кызматкерин кармады

Антикоррупциялык кызмат «товарларды киргизүү боюнча коррупциялык схеманы» аныктады — ЕАЭБден Кыргызстанга киргизилип турган товарлардын аткезчилиги. 127 млн сомдук товар киргизилип, ошол эле учурда 15 млн сомдон ашуун салык төгүлгөн эмес.

Антикоррупциялык кызмат бул иш боюнча Финполдун кызматкери кармалаганын билдирди — ал эми Финпол аталган кызматкер мекемеде бир жылдан бери иштебей калганын айтууда. «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Аткаминер эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

Кыргызстандагы аткезчилик

Парламент Кыргызстандагы аткезчиликке каршы күрөштү канааттандыраарлык деп тааныганына карабастан, өлкөдө утур-утур товарларды мыйзамсыз киргизүү, бажы жана салык алымдарын төлөбөөгө байланыштуу чуулар чыгып турат. Анын ичинде бул теманы депутаттар өздөрү бир нече жолу көтөрүп чыгышкан. Бийлик аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүүнү убада кылган.

2019-жылы журналисттер «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген аталыштагы иликтөөсүндө кулач жайган коррупциялык түйүн тууралуу айтып беришкен. Журналисттик иликтөөдө Кыргызстан салык жана алымдарды төлөбөстөн ЕАЭБге аткез товар алып өтүүдө транзиттик пункт болгонун далилдеген документтер жана күбөлөр келтирилген.

Документтер боюнча товарлар Кыргызстанда сатылып, иш жүзүндө Орусия жана Казакстанга чыгарылып турган. Салык түрүндө казынага түшпөй калган акчалар аткезчилердин колунда калган — андан соң алардын изи жашырылып, өлкөдөн чыгарылып турган.

Ал эми 2018-жылы Казакстанда кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган — укук коргоо органдары аны аткезчилик кылган уюшкан кылмыштуу топтун анабашчысы деп атаган. Ал 10 жылга соттолгон.

Автору: Элана Батырбекова

Редактору: Айдай Иргебаева

ТЕМА БОЮНЧА: Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар