Өкмөттүн Баткендеги жаңы ыйгарым өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды

Алишер Абдрахманов

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына Алишер Абдрахманов дайындалды. Тииштүү буйрукка 18-февралда өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми Баткен облусунун Абдрахмановго чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 12-февралда вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган.

Абдрахманов «Республика» фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон. Кийинчерээк 2015-жылы ал «КСДП» партиясынан шайлоого катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Элдин мүдөөсүн жакшы билет». Разаковдун ордуна Акрам Мадумаров келди