Ош мэриясы мыйзамсыз деп табылган 13 кабаттуу имаратты буза баштады — видео

Ош мэриясы «Евро Стиль» фирмасынын Масалиев көчөсүндө куруп аткан 13 кабатту имаратын буза баштады. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов тастыктады.

Буга чейин Жогорку сот 14-январда Ош облустук сотунун «Евро Стиль» компаниясынын курулушу токтотулсун жана бузулсун деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.

«14-январда Жогорку сот “Евро Cтиль” компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулушун бузуу тууралуу өкүмүн күчүндө калтырган. Ошол өкүмдүн негизинде бузуу иштери башталды», — деди Пирматов.

13 кабаттуу үйдүн бузула башташы. Видео: Байкал Топчубаев / Кloop.kg

Мурдараак Пирматов «Евро Стиль» ЖЧКсы Жогорку соттун чечимине ылайык, мыйзамсыз деп табылган имаратын өз эсебинен бузушу керектигин, бирок, эгер ал бул ишти аткарбаса имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бузулаарын айткан. Ошодой эле ал имаратты бузууга кеткен чыгымды мэрия компанияны кайрадан сотко берип өндүрүп алаарын кошумчалаган.

«Евро Стиль» жоопкерчилиги чектелген коом куруп жаткан 13 кабаттуу үй экотехинспекция тарабынан мыйзамсыз деп табылып, Ош облусттук соту 2019-жылдын октябрь айында курулуш токтотулсун жана бузулсун деп чечим чыгарган.

Бирок сот чечимине нааразы болгон компания Жогорку сотко даттанып бузуу иштери токтотулган болчу.

Мэриянын мааламаты боюнча, шаар боюнча 25 мыйзамсыз курулуп жаткан имарат бар.

Тема боюнча:

https://ky.kloop.asia/2019/06/04/osh-sot-atkaruuchular-myjzamsyz-kurulushtu-buzuunu-bashtashty/

https://ky.kloop.asia/2019/11/27/osh-uruksatsyz-bashtalgan-13-kabattuu-jd-buzuu-yanvar-ajyna-chejin-toktotuldu/

https://ky.kloop.asia/2020/01/17/zhogorku-sot-myjzamsyz-kurulushtu-buzuu-tuuraluu-k-md-k-ch-nd-kaltyrdy-osh-shaary/